Qırğız Tili Jazmalar Oodarğıçı
Бул жерде кыргыз тилиндеги тексттерди кирил арибинен:
• Кыргыз араб арибине (кытайлык кыргыздар)
• 1930-ж. латын графикасына (Кырг. ССР)
• 1940-ж. латын арибине ("Миллий Түркистан" журналы)
• 2020-ж. Жаңы латын (Орток Түрк) алфавиттерине
• Байыркы руна сымал жазмасына (орхон-энесай)
• Жана ушул жазмаларынан кирил арибине оодара аласыздар
Converter of Kyrgyz Alphabets
Here you can convert texts written by cyrillic to:
• Kyrgyz arabic alphabet, used by kyrgyz of China
• 1930's Latin alphabet, used in Kyrgyz SSR
• 1940's Latin alphabet, used in journal "Millij Türkistan"
• 2020's New Kyrgyz Latin Alphabets
• Old turkic script (Orkhon-Yenisey)
• And back from this alphabets to cyrillic
2026: Кыргыз Латын (Орток Түрк) Алфавити
Терминдик/диалектилик тамгалар:
Ä ä - [ә] - ٵ
Ž ž - [җ] - ژ
W w - [в] - ۆ
Алфавиттин кеңири түшүндүрмөсү >>
"Я, Ё, Ю" кирил тамгалардын латын алфавитиндеги жазылышы:
1) Сөз башында жана үндүүдөн кийинки "я, ю, ё" тамгалары, "ya, yu, yo" деп жазылат.
Мисал: Юра - Yura, оюн - oyun, аюу - ayuu, Аякс - Ayaks, карыя - qarıya, боёк - boyoq, Юлия - Yuliya.
2) Үнсүздөрдөн кийинки "я, ю, ё" тамгалар, "ä, ü, ö" деп жазылат.
Мисал: Кёльн - Köln, жюри - žüri, бюро - büro, меню - menü, лямбда - lämbda, Семён - Semön, Пётр - Pötr, Брянск - Bränsk, Нячанг - Näçanğ, Звягинцев - Zväginsev, Ляйсан Утяшева - Läysan Utäşeva, Финляндия - Finländiya, Славян - Slavän, Женя - Ženä, революция - revolüsiya.
3) Диалект сөздөрүндөгү "ä,w" тамгалары.
Мурза Гапаров - "Кыштакча"; Сулайман Кайыповдун ооган кыргыздарынын фолклору тууралу эмгектери; Ж.Мукамбаевдин диалект сөздүгү ж.б.
Оштук диалектинен мисал: asäl - bal, gäp - kep, mäkä - jügörü ж.б.
Кирилдеги "жумшак Ж"/ʒ/ тыбышынын латын арибинде "Ž" болуп жазылышы:
Жеке аттарында жана тышкардан кирген кее бир терминдерде.
Мисал: журнал - žurnal, Жарчысы журналы - Jarçısı žurnalı, Жириновский - Žırinovskiy, донжуан - donžuan,
Брежнев - Brežnev, жандармерия - žandarmeriya, Женя - Ženä, жюри - žüri, монтаж - montaž.
Кирилдеги "К, Г" тамгаларынын латын алфавитиндеги жазылышы:
"а,о,у,ы" үндүүлөр менен "Q, Ğ" деп жазылат. Мисал: карыя - qarıya, кагаз - qağaz, артка - artqa, кымыз - qımız, кооз - qooz, аргымак - arğımaq, байкалган - bayqalğan.
"ә,е,ө,ү,и" үндүүлөр менен "K, G" деп жазылат. Мисал: көз - köz, биргелешкен - birgeleşken, үзгүлтүк - üzgültük.
Келечектеги кыргыз латын тергичинин (клавиатура) сунушу:






























































